COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 100 учур жаңы катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан үч киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2566 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан аныкталды. Алардын 49у Бишкек шаарында, 20сы Чүй облусунда катталган. Ысык-Көлдө 11 киши инфекция жуктуруп алса, Ош шаарында катталган эмес. Калган аймактарда жаңы учурлар 2-5 кишиден аныкталды. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 983 кишиге жетти.

Алардын 690у ооруканада жатат, дагы 1094 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 132 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 180 киши.

Кыргызстанда 10-сентябрга чейин калкты коронавируска каршы массалык эмдөө акциясы жүрүп жатат. Өлкө боюнча эмделгендердин жалпы саны 1,2 млн. ашты. Алардын 720 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан кармалганы кабарланды БУУнун чабарманы Ооганстанга каржы агымын ачууга чакырдыЭлчилик Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды Өзбекстан: Мирзиёевдин талапкерлиги расмий көрсөтүлдүCOVID-19: Молдовада кайрадан чектөөлөр киргизилди