Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди

Венгриянын борбору - Будапешт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Элчиликти Будапешт шаарында жайгаштыруу менен кыргыз-венгер саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарын өнүктүрүү боюнча токтом чыгарылды.

Министрлер кабинетине Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык маселелерди чечүү тапшырмасы берилди.

Тараптардын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. 2018-жылы венгер өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.

Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат. (BTo)

Дагы караңыз

Ооганстандагы элчи Мирослав Ниязов кызматтан кеттиБШК Ош шаардык шайлоо комиссиясын тараттыБажы кызматы бажы алымдары көтөрүлбөгөнүн билдирдиТүндүк Македония: убактылуу бейтапканадагы өрт он кишинин өмүрүн алды Токаев: Казакстан оогандык казактарды алып келүү маселесин караштырууда