Кургакчылыктан улам буудай, арпанын түшүмү азайып кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 23-августка карата Кыргызстанда дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 380 миң гектар аянттан жыйналып, 536 миң тонна дан бастырылды.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндеринин түшүмү азайды. Буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%, картошканыкы 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүкү 6,7%, мөмө -жемиштердики 6,5% жана жашылчаныкы 2,4% кыскарды. Өлкөдө дан эгиндеринин чабыла турган аянтынын 66% жыйналып алынды.

Кыргызстанда июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотту. (BTo)

Дагы караңыз

Статком: тикелей чет өлкөлүк инвестиция эки эсеге көбөйдүАКШ талибдер түзгөн өкмөткө тынчсыздануусун билдирдиПартиялардын дарамети: "утурумдук кызыкчылык, туруксуз курам"Президенттин уулу саясатка киришип жатабы? Коронавирустан эки киши каза болуп, 104 жаңы учур катталды