Статком: тикелей чет өлкөлүк инвестиция эки эсеге көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын алгачкы жети айында (январь-июнь) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестиция эки эсеге көбөйүп 321 миллион долларды түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк түз инвестициянын 97% ашыгы геологиялык чалгындоо ишканаларына, кен казуу, өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага туура келет.

Кыргызстанга каражат салган өлкөлөрдүн сап башында Кытай турат - 31,8%. Андан кийин Түркия 19,35%, Нидерланд 11,4% жана Улуу Британия 10,1%.

Тике чет өлкөлүк инвестициялар көбүнчө Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарына жана Бишкек шаарына келди.

Ушул жылдын январь-июнь айларында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 9,2% кыскарып 548,2 миллион доллар болду.

Ошол эле кезде инвестициянын чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 227 миллион долларга ашты. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ талибдер түзгөн өкмөткө тынчсыздануусун билдирдиПартиялардын дарамети: "утурумдук кызыкчылык, туруксуз курам"Коронавирустан эки киши каза болуп, 104 жаңы учур катталдыПрезиденттин уулу саясатка киришип жатабы? Ташкент Ооганстанда өткөөл өкмөт түзүлгөнүн кубаттады