Бишкек-Ош жолунун 83-чакырымында, Сосновка айылынын тушундагы тоо этектеринде куураган чөп күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Өрт тууралуу маалымат келип түшөр менен саат 17:43тө өрт өчүрүүчү автоунаада төрт куткаруучу жерине чыгып кеткен. Ал жер бийик тоолуу болгондуктан кечинде иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан төрт куткаруучу өрттү көзөмөлгө алып турат. Өрт толук өчө элек", - деп айтылат анда.
7-сентябрда Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөп, бадал-дарактар өртөнүп кеткен. ӨКМ ал жердеги өрт дагы толук өчүрүлө электигин, 9-августта өчүрүү иштери улантыларын кабарлады
Чоң-Кеминдеги өрткө шалаакылык себеп болушу мүмкүндүгү айтылды. (МТа)
Дагы караңыз
Шайлоо: артыкчылыктар жана тобокелчиликтерЖанар Акаев: Күздөгү шайлоо - президент үчүн сыноо (видео)"Талибан" өкмөттүн курамын жарыялады 08.09.2021 | Бүгүн Азаттыкта |Чолпон-Атада медициналык-реабилитациялык комплекс ачылды