Чолпон-Атада медициналык-реабилитациялык комплекс ачылды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Ден соолук" медициналык-реаблитациялык комплексинде.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында Инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун базасында жүрөк кемтиги бар балага биринчи акысыз операция жасалды.

Президент ушул жылдын 19-мартында "Ден соолук" комплексинде болуп, калктын сапаттуу медициналык кызмат алышы үчүн анда капиталдык реконструкциялоо иштерин ыкчам баштоону тапшырган.

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин жарымына барабар.(МТа)

Дагы караңыз

Жылкыбаев: Жаштар шайлоого көп катышпайт"Талибан" өкмөттүн курамын жарыяладыБишкекте КМШ, Балтика жана Грузиянын кинофестивалы өтөтКайындары менен үй талашкан келин президентке кайрылды