Бишкекте КМШ, Балтика жана Грузиянын кинофестивалы өтөт

Кыргызстандагы даректүү тасмалардын сынагы. Архив.

КМШ, Балтика жана Грузиянын онунчу эл аралык кинофестивалы 14-17-сентябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кинофестивал "Манас" кинотеатрында саат 11: 00дөн 19:00гө чейин бекер көрсөтүлөт. Анда 14 тасма эл аралык сынакка, 12 тасма улуттук сынакка ат салышууда.

Иш-чара КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, "Айтыш" коомдук фондунун жана маданий кызматташтык фондунун көмөгү менен өткөрүлгөнү жатат. (МТа)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ Тажикстанда жолуктуКечки Азаттык (2-чыгарылыш) Кечки Азаттык (1-чыгарылыш) Чет элдик компаниялар ЖЭБ-2ни курууга кызыгууда