Орусия "Акылдуу добуш берүү" сайты иштеген акыркы порталды жапты

Орусиянын Федералдык көзөмөл кызматы (Роскомнадзор) камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын командасы тарабынан иштелип чыккан "Акылдуу добуш берүү" сайтын жапты. Бул Орусияда бөгөт коюлган саясатчы менен байланыштагы ресурстардын акыркысы болуп калды.

Мекеменин маалыматында, веб-сайт "экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн улантуу үчүн колдонулуп" жатат деп айтылат.

Июнда Москванын соту Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондун, оппозиционердин штабдарын жана “Жарандардын укуктарын коргоо фондун” прокуратура берген арыздын негизинде экстремисттик уюмдар деп таанып, алардын ишмердигине тыюу салган эле. Эки фонд буга чейин Орусияда “чет өлкөлүк агенттердин” катарына кошулган.

Навальный бир нече жыл мурда үзөңгүлөштөрү менен "Акылдуу добуш берүү" деген долбоорду ишке ашыра баштаган. Анын алкагында оппозициячыл партиялар бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын талапкерине каршы биригип, бир талапкерди колдоого алып келет.

2019-жылы "Акылдуу добуш берүү" долбоорунун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешиндеги 45 орундун 20сына шайланууга жетишкен.

Коомдук сурамжылоолор “Бирдиктүү Орусия” партиясына колдоо азайып баратканын көрсөткөн. Бийлик шайлоо алдында башка пикирдеги адамдарга кысымды күчөтүштү жана бийликтер “Акылдуу добуш берүү” колдонмосуна кирүүгө тыюу салуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушту.

Эске сала кетсек, 26-июлда Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун (ФБК) сайтына жана ага байланыштуу интернет ресурстарынын бардыгына чектөө койгон эле. Саясатчынын шериктеши Леонид Волков билдирип, жалпысынан 49 сайт бөгөттөлгөнүн айткан.

Оппозициячыл саясатчы быйыл январда камакка алынган. Ага жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деген айып тагылып, үч жылга кесилген. (МТа)

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык Футбол: Кыргызстан Бангладешти 4-1 эсеби менен утту Ооганстанда бийликти басып алган талибдер жаңы өкмөт түздүКМШ оюндарында Кыргызстан самбодон беш коло байге алды