Футбол: Кыргызстан Бангладеш менен ойнойт

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улут кубогунун" алкагында Бангладеш менен беттешет.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

Буга чейин кыргыз курамасы ушул эле кубоктун алкагында 2-сентябрда Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Эл аралык футбол мелдеши 2-сентябрда башталган. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда.

5-сентябрда Палестина менен Бангладеш курама командалары беттешип, 2:0 эсебинде Палестина курамасы женишке жеткен. (GTu)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Күн ысык болотАзимжан Аскаровдун иши кайра тергелетКечки Азаттык (1-чыгарылыш) Кабулда "Талибан" демонстранттарды таркатуу үчүн ок атты