Таласта 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген жаран эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
5-сентябрда Талас шаарынын 4 тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады.
Кыргызстанда укук коргоочулар секелек кыздар зордукталган учурлар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келишет.
Өлкөдө жашы жете электерди зордуктоо боюнча чуулгандуу бир нече окуялар катталган.(ZKo)
Дагы караңыз
Бекешев президенттин уулу саясатка кийлигишип жатканын айтып чыкты"Менин үйүм" мамлекеттик программасы менен 15-25 жылга ипотека берилетАдвокат: Атамбаевдин жүрөк оорусу аныкталдыБишкекте аялын сабоого шектүү кармалдыСибирде бийликти сындаган таасирдүү ишкер 13 жылга кесилдиБасмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караш Беларус: оппозиция лидерлери абакка кесилдиКыргызстанга Пакистандан 65 чартердик каттам келгенКайгуул кызматынын өкүлү пара талап кылууга шектелип кармалды