Орусияда сот Сибирде жашаган саясатчы жана ишкер Анатолий Быковду 27 жыл мурун эки кишини өлтүрүүнү уюштурган деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты.
Быков 1990-жылдары Красноярск алюминий заводуна тең ээлик кылып, Орусияда “алюминий падышасы” аталып, Красноярск крайынын көмүскөдөгү губернатору саналган. 1997-2016-жылдары аймактык мыйзам чыгаруу органынын депутаты болгон. Ишкер аймактагы бир катар саясатчыларды колдоп, федералдык бийликти сындап жүргөнү белгилүү.
Соттун өкүмү арачылар сотунун айыптоо чечимине таянды. 7-августта Свердлов райондук соту ишкерди 1994-жылы Александ Наумов менен Кирилл Войтенкону өлтүрүүгө буйрук берген деп тапты. Бул эки ишкерди 1994-жылы 24-июнда атып кетишкен.
Прокуратура айыпкерди 14 жыл 11 ай эркинен ажыратууну соттон суранган.
Быковго беш кылмыш ачылган. Наумов менен Войтенкону өлтүрүүнү уюштургандан башка 2005-жылы жергиликтүү ишкер Андрей Неколовдун жок кылууга буйрук берген, 77 миллион рубль салыкты жашырган, Красноярск крайынын Бокс федерациясынын вице-президенти Андрей Грабовскийдин көзүн тазалоо үчүн кылмыштуу топ түзүүгө буйрук берген деген айыптар тагылган.
61 жаштагы Быков өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ишкер былтыр май айында камалган.
Дагы караңыз
Нур-Султан Шинжаңды изилдеген Бунинди киргизген жокШайлоо-2021: мигранттардын укугу, консулдук каттоо Басмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караш Беларус: оппозиция лидерлери абакка кесилди