Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка караганда, кармалган кызматкер таанышы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Бишкек шаарынын тургунунан 100 миң сом пара талап кылган. Ал зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркуткан. Натыйжада 64 миң сом пара менен кармалган. Укук коргоо органдары шаар тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (КЕ)
Дагы караңыз
Кыргызстан-Евробиримдик: адам укуктары боюнча диалогдун кийинки айлампасы Бишкекте өтөтТажикстан жана Ооганстандагы кырдаалдын Баткенге таасири талкууланып жататТаалайбек Өмүралиев менен Марат Иманкуловго генерал-лейтенант наамы берилдиБШК шайлоо аймактарынын чек араларын жана схемаларын бекиттиБрюсселде Кыргызстан-Европа кызматташтыгы талкууланды