Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аалиев 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ага чейин фонддун башкармалыгынын мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган.
Аалиев Айбек Жунушалиевдин ордуна келди. Жунушалиев 12-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткарып, 26-августта мэр болуп шайланган. (КЕ)
Дагы караңыз
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келдиПанжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жататБилим берүү министрлиги: окуучулар беткап тагынууга милдеттүү эмесЖАМК Жалал-Абаддагы тергөө изоляторун текшерет Балбан Нурмамбет Раймалы уулу КМШ оюндарынын чемпиону болду