COVID-19: төрт бейтап каза болуп, 109 жаңы учур катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 6-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан төрт киши каза тапты.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 554 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 109 адамдан табылды. Алардын көбү Бишкек шаарында катталган (36). Андан кийин Чүй (31) жана Ысык-Көл облустары (29) турат. Ошто катталган эмес, калган аймактарды вирусту жуктургандардын саны 1-5 кишиге чейин.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 582 кишиге жетти. Алардын 845и ооруканада жатат, дагы 1109 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 101 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 624 киши. (КЕ)

Дагы караңыз

Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болдуФСБ Симферополдо крым татарларын кармап кеттиПакистандагы жардыруудан үч коопсуздук кызматкери каза болду