Кошмо Штаттар кеминде 50 миң ооганды кабыл алат деп күтүлүүдө. АКШнын Ички иштер министрлигинин департамент башчысы Алехандро Майоркастын билдиргенине караганда, программа террорчулукка каршы согушта америкалык аскерлерге көмөктөшкөн оогандарды алып чыгып кетүүнү көздөйт.
Он миңдеген ооган буга чейин АКШга алынып келип, коопсуздук органдарынын текшерүүсүнөн кийин аскердик базаларга жайгаштырылды.
Майоркас дагы канча качкын жана качан алынып келери ачык бойдон калууда деп билдирди. Анын айтымында, айрым кишилер “коопсуздук кызматынын маалыматтарынан улам” транзит өлкөлөрүнөн алынып чыккан жок. Ал адамдардын мындан аркы тагдыры белгисиз.
АКШга көчүүнү көздөгөн оогандар атайын иммиграциялык виза алышкан же алуу процессинде. Өлкөгө кирүү үчүн андай уруксат америкалык же НАТОнун аскерлери менен иштешкен, талибдердин башкаруусунда мекенинде калуу кооптуу болуп эсептелген оогандарга берилет.
Дагы караңыз
ФСБ Симферополдо крым татарларын кармап кеттиАбанын булганышынан ашыкча салмак кошкондор көбөйөтОоганстан: Панжшердеги салгылашуу жөнүндө эки ача пикир айтылуудаПакистандагы жардыруудан үч коопсуздук кызматкери каза болдуЖаңы Зеландия террорчулук жөнүндө мыйзамдарын катаалдаштырат