Талас облустук ички иштер башкармалыгы 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген окуя боюнча Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады.
Облустук милициянын маалыматына караганда, кылмыш иши жергиликтүү тургундун арызынын негизинде козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Арыз ээси өзүнүн жана кошунасынын кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн билдирген.
Кыргызстанда укук коргоочулар секелек кыздар зордукталган учурлар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келишет.
Өлкөдө жашы жете электерди зордуктоо боюнча чуулгандуу бир нече окуялар катталган. (MKt)
Дагы караңыз
Баткен, Фергана жана Согд облустарынын өкүлдөрү өз ара кызматташтыкты талкуулаштыЖаңы Зеландия террорчулук жөнүндө мыйзамдарын катаалдаштыратОоганстан: Панжшердеги салгылашуу жөнүндө эки ача пикир айтылуудаПакистандагы жардыруудан үч коопсуздук кызматкери каза болдуШинжаңдагы абалды иликтеген Бунинге Казакстанга кирүүгө тыюу салынды