Коронавирус 126 кишиден аныкталып, төрт бейтап каза болду

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 5-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан төрт киши каза тапты.

Жалпысынан COVID-19дан каза болгондордун расмий саны 2550 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 126 адамдан табылды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 473 адам.

Азыр ооруканада 875 бейтап жатат, 1072 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 127 адам айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 170 523 кишиге жетти. (TSh)

Дагы караңыз

Ооганстанда аялдар укугун коргоп акцияга чыккандар кууп таратылдыМосквада сөз эркиндигин колдогон акция өттүОоганстандын мурдагы вице-президенти талибдер Панжшерди алганын четке кактыЗеленский АКШ президентин Украинага чакырдыМилицияга депутат Момбековдун үстүнөн арыз түшкөнү кабарланды