Опера жана балет театрында "Ак-Мөөр" спектакли коюлат

"Ак-Мөөр" спектакли. Архив.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак-Мөөр" спектакли көрсөтүлөт. Оюн 5-сентябрда, саат 17:00дө башталат.

"Ак-Мөөр" спектакли Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата коюлуп жатат.

Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган. Башкы ролдорду Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев жана Муратбек Рыскулов ойногон. (TSh)

Дагы караңыз

Саясатчы Карганбек Самаковдун кылмыш иши токтотулдуБүгүн журналист Алишер Саипов 40 жашка чыкмакКоронавирус 154 кишиден аныкталып, беш бейтап каза болду Инспекторлордун мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн байланыш телефону ишке кирди