Бүгүн, 4-сентябрь маркум журналист Алишер Саиповдун туулган күнү.
Ал тирүү болгондо 40 жашка чыкмак.
Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” (Саясат) гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер атып кеткен. Анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.
Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган. Маркумдун жакындары бул иште Өзбекстандын мурдагы бийлигинин колу бар деп күмөн санайт. (TSh)
Дагы караңыз
Коронавирус 154 кишиден аныкталып, беш бейтап каза болду Инспекторлордун мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн байланыш телефону ишке кирди75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди