Ош шаарына "Коопсуз шаардын" камералары коюлду

Ош шаары.

Шаар боюнча 11 кесилишке жол эрежесин бузган автоунааларды тарткан жана адамдын жүзүн тааныган камералар орнотулду. Алар сентябрдын аягында иштей баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Мекеменин башкы адиси Айнура Замирбекованын айтымында жалпысынан шаар ичинде 35, шаардан сырткары 34 жерге камералар коюлат. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын кытайлык ишкана утуп алган.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштаган. Долбоордун биринчи этабын орусиялык “Вега” компаниясы ишке ашырган.

Кыргызстанда быйыл сегиз айда катталган жол кырсыктарынан 500дөй адам өлдү. (DU)

Дагы караңыз

АКШ Косового жарым миллион доза вакцина жөнөтөт"Кибер-партизандар" Бакиевдин Беларустагы жер тилкесин көрсөттү Кыргызстан “Танк биатлонунун” 2-дивизионунда биринчи орунду ээледи