Кыргызстан Орусияда өткөн “Танк биатлону” мелдешинин 2-дивизионунун финалында биринчи орунду ээледи. Таймаш бүгүн Москва облусундагы “Алабино” полигонунда өттү.
Кыргызстандык аскерлер төрт өлкө күч сынашкан мелдеште Т-72 танкы менен катышты. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчүнү Мьянма жана төртүнчү орунду Түштүк Осетия ээледи.
“Танк биатлону” эл аралык мелдеши 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлөт.
1-дивизиондун финалы 4-сентябрда өтөт. (RK)
Дагы караңыз
75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирдиКой-Ташта каза болгон офицердин апасынын арызы боюнча сот чечими чыктыАбдил Сегизбаев УКМКнын алдындагы ооруканага которулду"Адилет" резиденцияда жашагандарга кызыкты