Ош - Стамбул аба каттамы кайра жанданды

Иллюстрациялык сүрөт.

"Ош" эл аралык аэропортунан Стамбул - Ош - Стамбул багыты боюнча түз каттам ачылды. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, каттам эми жумасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүлүп турат.

Жүргүнчүлөрдү ташууну Pegasus авиакомпаниясы аткарат. Алгачкы жүргүнчүлөр 1-октябрда учат. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.

Буга чейин Ош - Стамбул багыты боюнча аба каттамдары учактардын жетишсиздигинен улам токтоп калган. (КЕ)

Дагы караңыз

Баткендин делегациясы Ферганада Өзбекстандын Эгемендик майрамына катышты Саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-октябрга чейин камакта калды"Мыйзамсыз тыңшоо бийликке аброй алып келбейт"Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 1,5 сомго өсүшү мүмкүнОоганстандын жаңы өкмөтүн молдо Барадар жетектеши мүмкүн