Бишкектин жер, архитектура жана курулуш маселелерин тейлеген вице-мэри Азамат Сагындык уулу кызматтан алынды. Бул тууралуу буйрукка мэр Айбек Жунушалиев бүгүн, 3-сентябрда кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Бул кызматка Сагындык уулу 2020-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин ал мэриянын Жер ресурстары боюнча башкармалыгын жетектеп келген.
Сагындык уулунун ордуна вице-мэр болуп Азат Узаков дайындалды.
Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар.
Бүгүн биринчи вице-мэр Жамалбек Ырсалиев да кызматтан алынып, Биринчи май районунун акими болуп дайындалды. Аталган райондун кызматтан алынган акими Максат Нусувалиев бул орунга 2020-жылдын ноябрында дайындалган. (RK)
Дагы караңыз
Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңдиКыргызстанга Араб Эмирликтеринин ири компанияларынын жетекчилери келдиCOVID-19: Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жататОоганстандагы абал ЖККУнун ишин күчөттү