Биринчи Май районунда жетекчилик алмашты

Бишкек мэриясы.

Бишкек мэриясында кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу маалымат шаар башкармалыгынын сайтына 3-сентябрда жарыяланды.

Мэр Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев кызматынан алынды. Анын ордуна буга чейин шаардын биринчи вице-мэри болуп иштеп жаткан Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Жунушалиев мэр болуп 26-августта шаардык кеңештин депутаттарынын отурумунда дээрлик бир добуштан шайланган.

Нусувалиев аким болуп 2020-жылдын ноябрында дайындалган. Ырсалиев да мэрияга жетекчилик кызматка 2020-жылдын ноябрында келген. Алгач вице-мэр болуп иштеп, быйыл июнда биринчи вице-мэрликке дайындалган.

Төрт райондон турган Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (RK)

Дагы караңыз

Султанбаев: Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир мэриянын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам берилбей келди Чакан жана орто бизнестин Соцфондго төгүмү убактылуу азайтылды Бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн атайын фонд түзүлдү ТИМ айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү токтотуу себебин түшүндүрдү