Президенттик аппарат 2020-жылдын октябрь окуясында Бишкектеги митинг учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө убада кылынган батир мэриянын айрым кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам берилбей келди деп эсептейт. Бул тууралуу 3-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Султанбаевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун тийиштүү буйругу 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле берилген. Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынан батир жакынкы арада бөлүнүп берилгени жатат.
2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте нааразылык акциясын уюштурушкан. Ошол күнү митингчилердин милиция менен кагылышуусунда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып көз жумган. (RK)
Дагы караңыз
Чакан жана орто бизнестин Соцфондго төгүмү убактылуу азайтылды Бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн атайын фонд түзүлдү ТИМ айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү токтотуу себебин түшүндүрдүCOVID-19: Беш киши каза болуп, 175 учур жаңы катталды