Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык аба кызматы Ооганстанга гумжардамды жеткирүүсүн жандантты. Бул тууралуу уюмдун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
"Биздин Азык-түлүк программасы башкарган аба кызматындагы кесиптештер каттамдарын жандантууда. Эми 160тан ашуун уюм Ооганстандын провинцияларындагы ишин уланта алат", - деди Дюжаррик.
Гуманитардык операцияларды жандантуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда деди басма сөз жыйынында уюмдун өкүлү. Дюжаррик жүргүнчү аба каттамы азырынча Пакистандын борбору Исламабад менен Ооганстандын Кандагар жана Мазари-Шариф шаарларынын ортосунда гана жүрүп жатканын белгиледи.
Өкүл ошондой эле аба аркылуу дары-дармектерди ташуу аракети да көрүлүп жатканын айтып, Кабул аэропорту азырынча жабык экенин билдирди.
"Аэропорт азырынча биз үчүн жабык. Жакынкы күндөрү ачылат деген үмүттөбүз. Кабулдун аэропорту кызматкерлерди жана товарларды жеткирүүгө ыңгайлуу болмок".
2002-жылдан 2021-жылга чейин БУУнун Ооганстандагы гуманитардык аба кызматы өлкөдөгү 20 аймакты гумжардам менен камсыздап келген.