"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 2-сентябрда италиялык La Repubblica гезитине курган маегинде Кытай Ооганстан менен дипломатиялык мамилесин үзбөй турганын билдирди. Анын айтуусунда Кабулдагы жаңы бийлик АКШнын аскерлери чыгып кеткенден кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө Бээжинге үмүт артат.
"Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз жана Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн инвестиция салууга даяр. Биз "Бир кур-бир жол" демилгесин колдойбуз. Бизде Кытай иштетүүсү мүмкүн болгон жез кендери бар. Кытай бизди дүйнөлүк базарга алып чыгат", - деди Мужахид.
2-сентябрда "Талибандын" дагы бир өкүлү Кытай Ооганстандыг элчилигин жаппай, "мамилени бекемдөөгө жана гуманитардык жардамды көбөйтүүгө" убада кылганын билдирди.
АКШ жана өнөктөштөрү талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстандагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүн жабышкан.
Дагы караңыз
АКШ тажик-ооган-өзбек чек арасын бекемдейт Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди (видео)Пенсия орточо 455 сомго көбөйөт Байден: АКШ Украинаны колдойт