"Ата Мекен" менен "Реформа" партиялары кызматташуу тууралуу сүйлөштү

"Ата Мекен" жана "Реформа" саясий партиясынын мүчөлөрү

"Ата Мекен" жана "Реформа" саясий партиясынын мүчөлөрү 2-сентябрда жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөштү.

Бул тууралуу маалымат партиялардын Facebook баракчасына жарыяланды. Жолугушууга эки партиянын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова баштаган айрым мүчөлөр катышкан.

Саясатчылар өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал жана биргелешип иш алып баруу жөнүндө сүйлөшкөн. "Реформа" биригүү тууралуу маселе дагы күн тартибинде болгонун жазды. Партия мүчөлөрү азырынча толук чечим кабыл алына электигин "Азаттыкка" билдиришти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Азырынча шайлоого катышуу тууралуу билдирмени 20дан ашуун партия БШКга тапшырды. Алардын катарында "Ата Мекен" партиясы дагы бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияга кирүүгө тыюу салынгандарЖалал-Абад: "Барпы" театрынын айрым артисттери иш таштадыФранция коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сая баштадыЗеленский Крымда кармалган жарандарды бошотууга жардам берүүгө Байденди чакырдыЭл артисти Айтурган Темирова Франциянын “Искусство жана адабият ордени” менен сыйланды"Насыя алдым, таттуу сатам..." Кымбатчылыкта кыйналган мугалимдер Ооганстан: Панжшерге "Талибандын" чабуулу