Францияда 1-сентябрдан баштап 65 жаштан жогоруларга жана өнөкөт илдеттери барларга коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады. Франция мындай кадамга барган Евробиримдиктеги алгачкы мамлекет.
Буга чейин Израил, Кошмо Штаттары вакцинанын үчүнчү дозасы менен аярлуу катмардагыларды эмдеп баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бай мамлекеттерди үчүнчү дозаны токтото туруп, жакыр мамлекеттерге вакцинадан каралашууга чакырган.
Европанын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору 1-сентябрда билдиргендей, вакцинанын эки дозасын алгандарга үчүнчүсүн саюу зарыл эмес. Анткен менен иммунитети алсыз адамдарды кошумча доза менен эмдөөнү караштырып көрүү керек.
АКШ бийлиги улгайгандарды жана өнөкөт оорулары барларды үчүнчү доза менен эмдегенден кийин, сентябрь айынын соңунда жалпы калкка сунуштоону көздөп жатат. Сурамжылоолорго ылайык, вакцина алгандардын 76% үчүнчү дозаны алууга каршы эмес.
Дагы караңыз
Зеленский Крымда кармалган жарандарды бошотууга жардам берүүгө Байденди чакырдыБишкекте жүргүнчү ташып бараткан троллейбустун ичи түтөдү (видео)Садыр Жапаров: Күчтүү өлкө куруу кыялым ишке аша баштады, быйыл киреше чыгашадан көп болот"Талибан" Өзбекстанды Эгемендик күнү менен куттуктады