3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Марипов: Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат"Адилет" президенттен резиденцияда жашагандар боюнча маалымат берүүнү өтүндүБУУ Ооганстанда азык-түлүк жетпей жатканын билдирдиБаткенде "Түштүк-21" аталышындагы аскердик машыгуу өтүүдө