Билим берүү кызматкерлеринин 62,9% эмделди

Онлайн окутуу учурунда сабак өтүп жаткан мугалим. Бишкек, 2021-жыл.

Мектептерде жана окуу жайларда салттуу окутууну улантуу максатында мугалимдердин жана тармактагы башка техникалык кызматкерлердин 62,97% эмдөөдөн өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бала бакчалардан тартып, орто мектептердин, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине чейин вакцина алды.

Мунун ичинде бала бакчалардын тарбиячылары 82,7%, орто мектептердин мугалимдери жана жумушчулары 69,25% түзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мурдараак салттуу түрдө окутууну баштоо үчүн педагогдордун кеминде 70% эмдөөдөн өтүүгө тийиштигин билдирген.

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери, менчигине жана макамына карабай 15-сентябрдан кадимки режимде ишин баштайт.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми "жашыл" зонадагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген. Жогорку окуу жайлар да ушундай эле тартипте, жарым-жартылай онлайн окуган.(ZKo)

Дагы караңыз

Мирзиёевге "улут көсөмү" макамын берүү сунушталды "Центерранын" коңгуроосу, бийликтин жообу Чек арадагы жаңжалда уурдалган автоунаа, мал-жандыктар кайтарыла элекМигранттардын балдарын мектепке берүүдөгү көйгөйПакистандыктарга "түшүндүрүү иши" талкууга түштүИИМ ондогон адамды тыңшаганын моюнга алды Ооганстандан чыгууну каалаган жарандар чек араларга топтолуудаМосквада Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда