БШК: Дагы үч партия шайлоого катышуу ниетин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип дагы үч партия Борбордук шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды. Алар "Актив", "Бийлик элге" жана "Акыйкат Кыргызстан" саясий партиялары. БШКнын маалыматына караганда, шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ушул убакытка карата 13кө жетти.

Буга чейин "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Жаратман Эл", "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл үмүтү социалдык саясий партиядан" жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

Парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. (КЕ)

Дагы караңыз

“Реформалар жана жыйынтык үчүн”: Милициянын психологиялык абалына көңүл буруу зарылАктивист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалдыИИМ ондогон адамды тыңшаганын моюнга алды Абактагы беларус блогери Рим папасынан жардам сурады"Насыя алдым, таттуу сатам..." Кымбатчылыкта кыйналган мугалимдер