Москвада Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда

Дөөлөт Сыдыков. Москва.

Москвада бул күндөрү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда. Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата беш күн, беш түн жүрөрү айтылган иш-чара 31-августта башталган.

Бүгүн 1-сентябрда 20 саат өткөндөн кийин бир аз тыныгуу болду.

Манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтүп жатканын билдирген.

Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий каттала элек. (RK)

Дагы караңыз

Тажикстандан мыйзамсыз жүк ташыгандарды токтотуу үчүн асманга ок атылды"СССРдин акыркы башкармасы катары колхозду таркаттым" ИИМ ондогон адамды тыңшаганын моюнга алды Иран Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдү улантат