"Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы парламенттик шайлоого катышат

Иллюстрация.

"Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Асылкүл Сасыбаеваны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Тамара Кененсариеваны дайындаган.

Бүгүн, 1-сентябрда БШК парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме “Ата Мекен” жана "Ыйман Нуру" саясий партияларынан да келип түшкөнүн маалымдаган. Ага чейин "Социал-демократтар", “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия" , "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Жашылдар", "Жаратман Эл" партиялары билдирген.

Жетинчи чакырылышка парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. (КЕ)

Дагы караңыз

Москвада Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу улануудаТажикстандан мыйзамсыз жүк ташыгандарды токтотуу үчүн асманга ок атылды"СССРдин акыркы башкармасы катары колхозду таркаттым" ИИМ ондогон адамды тыңшаганын моюнга алды Иран Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдү улантатРайондук сот активисттерди тыңшоо тууралуу дооматтарга жооп берди