Райондук сот активисттерди тыңшоо тууралуу дооматтарга жооп берди

Иллюстрациялык сүрөт

Айрым жарандык активисттердин телефондору тыңшалганы жана бул боюнча айтылган дооматтарга Бишкектин Биринчи май райондук соту жооп берди. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, судья тыңшоо боюнча мыйзамга ылайык чечим чыгарган.

"Судья мыйзамдуу жана объективдүү чечим кабыл алган. 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Өтүнүчтү кароо учурунда мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчилери, Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Тергөө иштериндеги судья бул өтүнүчтү канааттандырган, ал өз ыйгарым укуктарынын алкагында өтүнүчтү канааттандырган", - деп айтылат билдирүүдө.

30-августта Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист Биринчи май райондук соту быйыл 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарганын билдиришкен. Алар бул үчүн жоопкер тиешелүү жетекчилерди, анын ичинде ички иштер министри Улан Ниязбековду жана башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алууну, ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Азамат Жумабаев менен Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратовду кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан.

Телефону тыңшалгандардын бири ЖК депутаты Дастан Бекешев бул маселе парламентте көтөрүлө турганын "Азаттыкка" билдирди.

Активисттердин дооматына буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) дагы жооп берген. Ага ылайык, телефон сүйлөшүүлөр былтыр октябрь айындагы окуяларга байланыштуу айрым шектүү адамдар менен байланышын текшерүү максатында тыңшалган. Тыңшоолор соттун уруксаты менен ушул жылдын 10-февралына чейин жүрүп, андан кийин узартылган эмес.

2020-жылдын октябрь айындагы окуяларга байланыштуу Кылмыш кодексинин 262-беренеси (Массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, прокуратура аны ИИМге жүктөгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Рахмон абактагы 16 миң кишиге ырайым кылат Өзбек президенти Ташкентте ири курулуштар курулбай турганын жарыялады"Насыя алдым, таттуу сатам..." Кымбатчылыкта кыйналган мугалимдер Жапаров Бишкекте ЖККУнун Баш катчысы Зась менен жолуктуЖогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды