Иран жаңы өкмөт кураган соң Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрөт. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Ирандын Ирактагы элчиси Ирада Масжиди “Биз буга чейин Сауд Арабия менен үч жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз, төртүнчүсү Ирандын жаңы өкмөтү түзүлгөн соң өтөт”, - деп билдирди.
Исламдын шийи багытын карманган Иран менен сунни багытын тутунган Сауд Арабиясы Жакынкы Чыгыштагы таасир талашып жаатташкан өлкөлөр. Ислам динин карманган эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы 2016-жылы ирандык демонстранттар Эр-Рияд шийи диниятчысын өлүм жазасына тарткан соң Сауд Арабиянын элчилигине чабуул койгон учурда токтотулган.
Быйыл жыл башында Иран жана сауд бийлик өкүлдөрү Ирактын борбору Багдадда жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү кабарланган. Бул эки өлкөнүн алакасы начарлагандан кийинки алгачкы жолугушуусу болгон эле. Расмий Тегеран жолугушуу өткөнүн ырастап, талаштуу маселелерди чечүү үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирген.
Дагы караңыз
Райондук сот активисттерди тыңшоо тууралуу дооматтарга жооп бердиӨзбек президенти Ташкентте ири курулуштар курулбай турганын жарыялады"Насыя алдым, таттуу сатам..." Кымбатчылыкта кыйналган мугалимдер Жапаров Бишкекте ЖККУнун Баш катчысы Зась менен жолуктуЖогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды