COVID-19: Кыргызстанда эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардын саны 1 миллион 132 миңге чукулдады. Алардын 683 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алса, 449 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсунан өткөн. Бул тууралуу маалымат Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында жарыяланды.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Зеленский Вашингтондо Жо Байден менен жолугат"Кумтөр": "Центерра" абалды чыңалтып, дүрбөлөң салууга аракет кылууда«Улуттук электр тармактары» ишканасынын жетекчиси алмашты Жогорку Кеңеш ишин баштады"Центерра": Кумтөрдө топтолгон суу катастрофалык кесепетке алып келиши мүмкүн