2-сентябрдын аба ырайы: Кээ бир жерлерде өткүн өтөт

Кыргызстан.

2-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Тыңшоо маселеси парламентте көтөрүлөт227 киши Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды Жогорку Кеңеш ишин баштадыЖапаров Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендик күнү менен куттуктады