COVID-19: Төрт киши каза болду, 142 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 1-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада өлкө боюнча бул инфекциядан төрт киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 532 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 142 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору менен 175 876 адам расмий катталды. Азыр ооруканада 1 036 адам жатат, дагы 795 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 290 адам айыгып чыкты. Ооорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 067 жетти. (КЕ)

Дагы караңыз

Байден Ооганстандагы миссиянын аякташын “Америка үчүн эң жакшы чечим” деп бааладыЖогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылдыПарламенттик шайлоого катышууну каалаган бир нече партия арыз бердиКыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды