Талас облусунун "Ынтымак" командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада жеңүүчү болду.
Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасын 7:0 эсебинде жеңип алды.
Президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл үч лигада: биринчи лигада, жогорку лигада жана эл аралык лигада өттү.
Биринчи лигада 17 команда, эл аралык жана жогорку лигада алтыдан команда ат салышты. Эл аралык лигада Өзбекстандын командасынан сырткары Орусиядан "Воронеж-Чолпонбай" жана Москва шаарынын, Кыргызстандын биринчи лигасында ойногон "Жети-Өгүз", "Бакубат-Талас", "Сокулук" командалары катышты.
Бүгүн биринчи лиганын финалдык беттешинде Бишкектин “Көк-Жал” командасы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.
Эл аралык лигада Өзбекстандын курама командасын "Жети-Өгүз" командасы 3:1 эсеби менен утту.
Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган.
Дагы караңыз
Айсулуу: Мен бакытты спорттон таптымКөкбөрү: эл аралык лигада “Жети-Өгүз” жеңүүчү болдуКөкбөрү: Биринчи лигада “Көк-Жал” жеңүүчү болду (видео)Маданият ишмерлери 2-3-даражадагы "Манас" ордени менен сыйландыКыргызстанда окуп кеткен оогандыктар Жапаровго кайрылдыЖусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылды