Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.
Жазуучу Чолпонбек Абыкеев менен драматург, сынчы Жаныш Кулмамбетовго Кыргыз эл жазуучусу наамы тапшырылды.
Чолпонбек Абыкеев ушул жылдын июль айында мамлекеттик катчы болуп дайындалган.
Жаныш Кулмамбетов “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин президенти.
Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда. (МТа)
Дагы караңыз
Маданият ишмерлери 2-3-даражадагы "Манас" ордени менен сыйландыМайыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктадыБек Борбиев, Динара Акулова баштаган ырчыларга эл артисти наамы берилди