Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.
Алардын арасында "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамын алган эстрада ырчылары, композиторлор да бар.
Бул наамды Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, Берадор (Бек) Борбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробекова, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкулов ж.б. маданий ишмерлерге берилди.
Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда. (BCh)
Дагы караңыз
1-сентябрда айрым аймактарда өткүн өтөтЭгемендикке 30 жыл: эмне таап, эмнени жоготтук?Кыргызстанда окуп кеткен оогандыктар Жапаровго кайрылдыЖусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылдыЭгемендикке 30 жыл: Кыргызстан баскан татаал жол