Вирустан төрт киши каза болду, 145 жаңы учур катталды

Азыр ооруканада 1 071 адам жатат, дагы 914 ​бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 31-августтагы маалыматына караганда, Кыргызстанда бир суткада коронавирустан төрт киши каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 528 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 145 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган жалпы саны 175 714 адамга жетти.

Бир күндө 360 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1 071 адам жатат, дагы 914 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 169 777​ киши. (BCh

Дагы караңыз

Өзбекстан ооган качкындарына чек арасын ачууга даяр экени тууралуу маалыматты четке кактыТүркмөнстандын президенти ооган качкындарын кабыл алуудан баш тарттыИчки иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлдуОтунбаева: Акыркы демибиз калганча прогрессивдүү коом курууга умтула беребиз

)