АКШда “Ида” бороону Жаңы Орлеанды жарыксыз калтырды

Жаңы Орлеандын тургуну жээктен көтөрүлүп жаткан толкунду сүрөткө тартып жатат. 29-август, 2021-жыл.

29-августта «Ида» деп аталган бороондон кийин Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарында электр жарыгы жапырт өчтү. АКШнын түштүк штаты катуу бороон-чапкынга кабылды. Entergy компаниясы 400 миң киши жашаган шаар жарыксыз калып, генератор гана иштеп жатканын айтты.

Бороон-чапкынга көз салган улуттук борбор жекшембиде кечки саат 8де бороондун катуу толкуну Жаңы Орлеандын батыш тарабына жеткенин билдирди.

Анын көрсөткүчү төртүнчү деңгээлден үчкө түшкөнү менен шамалдын ылдамдыгы саатына 185 чакырымга жетип, жаан-чачындын айынан суу ташкындарын пайда кылууда.

«Ида» жээкке жакындаганда шамалдын ылдамдыгы саатына 240 чакырымга жетип, коркунучтун деңгээли төрткө чыккан. Мындай кырдаалда бороон-чапкындан үй-жайлар талкаланып, бак-дарак жыгылып, электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бороон көпкө басылбай, өтө кооптуу жагдай жаралат. АКШнын президенти Жо Байден "Иданы" талкалоочу күчү чоң, өтө кооптуу бороон-чапкын деп мүнөздөдү.

Он миңдеген киши атайын кызматтардын эвакуация тууралуу чукул эскертүүсүнөн кийин коопсуз жайларга чыгып кетишти.

"Ида" мындан 16 жыл мурун Жаңы Орлеанда болгон "Катрина" кырсыгын эске салды. Анда 1800дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган эле.

Дагы караңыз

Эгемен Кыргызстандын эл аралык рейтингиАКШ Ооганстанда эвакуация ишин жыйынтыктайтОрусия: Июлда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты