Таластагы иш-чарада каскадер жабыркады

"Урааным - Манас" театрлаштырылган иш-чаранын башталышы. Талас. 29-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Таласта өтүп жаткан иш-чарада каскадер жабыркады.

Ал ат үстүндө от менен оюн көрсөтүп жатып кулап түшкөн учурда ат сүйрөп кеткени кабарланды. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына ылайык, жабыркаган чабандес "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын бети күйүп, акыреги сынганын маалымдашты.

29-августта, Таластагы "Манас ордо" улуттук этно комплексте өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» деп аталган театрлаштырылган салтанат болуп өттү. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты. (MK)

Дагы караңыз

Ооганстан: талибдер таанымал элдик ырчыны өлтүрүштүОрусия: Июлда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 50 миңден аштыАКШ Кабул аэропортуна бараткан жоочулардын машинесине сокку урдуЧылымдын түтүнү кишини тез картайтат АКШ Ооганстанда эвакуацияны аяктап, аскерлерин толук чыгарып кететКабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийди Миңдей оогандык качкын Кулябдын аэропортунда турганы кабарланды