30-августта Кыргызстандын тоолуу аймактарында, тоо этектеринде жаан жаайт. Өрөөндөрдө күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында өткүн өтөт. Абанын табы түнкүсүн 19…21°, күндүзү 30…32 градус ысык болот.