Ноокенде МИСТЕLAND фестивалы өттү

Мисте фестивалындагы мисте менен кооздолгон патыр нандар. Жалал-Абад, Ноокен району. 28-август, 2021-жыл. (Сүрөттөр Манас Саматовго таандык).

Бүгүн, 28-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мисте фестивалы өттү. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартуу.

Көргөзмөгө коюлган мистенин сорттору

Фестивалдын алкагында бизнести өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, токойчулар, жеке ишкерлер жана илим чөйрөсүнүн адамдары катышты.

Көргөзмөдө аймакта өскөн мистенин түрдүү сортторунан тышкары жаңгак, өрүк-мейиз жана башка жашылча-жемиштер, айыл чарба азыктары, кол өнөрчүлүк буюмдары да коюлду.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда мисте токойлорун жергиликтүү эл токой чарбалардан ижарага алып иштетет.

Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт. (TB/ZKo)

Дагы караңыз

Сыргабаев: Кыргыз өзүн таанып бүтө элек Чырбаш балбандын баяны Москвада мигранттарга карата 800 кылмыш иши козголдуЖамбылдагы жарылуудан 13 киши каза таптыКабулдагы терактта 200дөй адам жараат алдыОк чыгарган милиционер УКМКнын тергөө абагына киргизилдиПрезидент Жапаров Баткенде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты