Токидогу Олимпиада оюндарында беларус спорт чиновниктерин сындаганы үчүн мелдештен четтетилген жөө күлүк Кристина Тимановская 2019-жылы Европа оюндарынан алган медалын 21 миң АКШ долларына сатканын Беларустун спорттук тилектештик фонду кабарлады.
Кристина Тимановскаянын медалын аукциондон Америка Кошмо Штаттарынын жараны соңку сумманы сунуштап, сатып алганын Naviny.by сайты жазды. Сатып алган кишинин аты-жөнү ачыкка чыгарылбайт.
Кристина Тимановская медалын сатуудан түшкөн акчасын Александр Лукашенкого каршы чыккан акцияларга катышып, куугунтук көргөн спортчулардын башын бириктирген Беларустун спорттук тилектештик фондуна которот.
24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.
1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракеттенип, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.
Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сураган. Тимановскаяга Польша саясий баш калка берип, гуманитардык виза менен ал Варшавага учуп келген.
Дагы караңыз
Текебаев: "Ата Мекен" парламенттик шайлоого катышатЖапаров Ысык-Көлдө рекорд койгон спортчу Шуликону куттуктады Жасалма ПЧР тест жөнүндөгү журналисттик иликтөөнүн негизинде иш козголуп, эки адам кармалдыТоң айылында музыкалык мектеп ачылдыОоган жаштары: Бишкекте биз эркинбиз