Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандар гүл өстүрө баштады

Жалал-Абаддагы күнөскана

Жалал-Абад шаарында майыптыгы барлардын "Даанакер" коому өткөн жылы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган сынакка долбоор жазып, утуп алып күнөсканада гүлдүн түрлөрү өстүрүлө баштаган.

Долбоор алкагында майыптыгы бар 25 жаранга шаар бийлиги бөлүп берген жердеги күнөсканада гүл өстүрүүнүн сырлары үйрөтүлүп, жумуш менен камсыз болушат. Күнөсканада өстүрүлгөн гүлдөрдү сатуудан түшкөн каражат аярлуу катмардагы жарандардын материалдык абалын чыңдоого, жумуш орундарын кеңейтүүгө сарпталат.

Жалал-Абад облус боюнча 40 миңден ашуун майыптыгы бар жарандар бар. Алардын дээрлик 90% жумушсуз. (JsA/TB)

Дагы караңыз

Кабулдан учуулар калыбына келтирилдиМилиция: Темирлан Султанбековго кол салуу "Ээнбаштык" беренеси менен тергелүүдөБайден "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урууга буйрук бердиЧек ара чырында жабыркагандарга жардам катары 34 миллион сом бөлүндү Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, рекорд койду