Ысык-Көл жээгинде КМШ (Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештиги) жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) уюмдарына мүчө мамлекеттердин жыйырманчы спорт оюндары өтөт. Бул тууралуу маалымат КМШ аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды.
4-12-сентябрга пландалып жаткан эл аралык иш-чарага КМШдан жана Кытай, Монголия, Пакистан өлкөлөрүнөн спортчулар келип катышат.
Жалпысынан 2 миңдей катышуучу спорттун 20 түрү (мини футбол, волейбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, сумо, мас-рестлинг, армрестлинг ж.б.) боюнча таймашат.
Быйылкы оюндардын девизи – «Азия – шериктештик жана тынчтык аймагы». Ачылыш салтанаты 5-сентябрда Бактуу-Долоноту айылында өтөт. (RK)
Дагы караңыз
Эгемендик-30: Майрам күндөрү 9 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт28-августтун аба ырайы: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайтМилиция: Темирлан Султанбековго кол салуу "Ээнбаштык" беренеси менен тергелүүдөЖапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айтты